super.kg logo

"Электр энергиясынын тарифи жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө" коомдук угуу өттү

 

Кечээ, 15-мартта "Электр энергиясынын тарифи жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө" коомдук угуу өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Анда депутат Аида Исмаилова Токмок шаарынын тургундарына Жогорку Кеӊештеги ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берди. Эл өкүлү электр энергиясына болгон тарифтин кымбаттыгы, айрыкча, кыш мезгилинде жер-жерлердеги шайлоочуларга бир топ түйшүк жаратары боюнча жолугушууларда нааразычылыктар байма-бай айтыларын, анын негизинде өкмөттүн астына тарифти ылдыйлатуу талабын коюп келе жаткандыгын айтып берди. Ошону менен катар Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусундагы мыйзамсыз иш-аракеттер боюнча кеп кылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаардык оорукана жетекчилери прокуратура, монополияга каршы агенттик сыяктуу мекемелерден келген текшерүүлөр көп болуп жаткандыктан, ырааттуу иштөөгө мүмкүнчүлүк болбой жатканын билдиришти. Алар мындай иштин аягында бейтаптар жабыр тартышат деген пикирлерин айтышты.

Ал эми "Жакшылык" кайрымдуулук фондунун жетекчиси Рахман Исаев шаарда аутизм, даун синдрому сыяктуу оорулар менен төрөлгөн балдардын саны барган сайын көбөйүп баратканын айтып, аларга медициналык кызмат көрсөтүүлөр боюнча шарттарды жакшыртуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле мындай балдардын ден соолугун жакшыртууда сууда сүзүү көп жардам берерин айтып, шаарга бассейн куруу, жайында Ысык-Көлгө жолдомо маселелеринен көмөк көрсөтүүнү эл өкүлүнөн өтүндү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
16.03.2019. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Электр энергиясынын баасын Казакстандан алган баа менен сатып жатат дагы эле. Бул жерде ортомчуларды жоготуп салыш керек. Анан 70 тыйындан болуп калат.
16.03.2019. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка ишиңерди коюп чек араны карагылачы айланайындар
16.03.2019. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх кыргызстанда жакшы жашоо калбады чет жака чыгып жашаган жакшы свет суу ж.б нерсеге толоп жашасанда ишин бар жакшы жашайсын айла жок келип кетесин
16.03.2019. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийликтегилер учун биз адам эмес эле жон эле шайлоочулар экенбизда э эгер текстке карасан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: