super.kg logo
  Саясат  

"Саясий партиялар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат

 

"Саясий партиялар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилгечиси Бакыт Төрөбаев билдиргендей, саясий партия ар бир облуста, Бишкек жана Ош шаарларында өзүнүн аймактык бөлүмдөрүнө ээ болуш керек.

"Саясий партиянын мүчөлөрү так болууга, 7 миңден кем эмес катталган мүчөлөрү болууга тийиш. Саясий партиялар өздөрүнүн ички түзүмүн, максаттарын, иштөө формаларын, ыкмаларын аныктоодо Конституцияда, ушул мыйзамда жана башка мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдөн тышкары, эркин. Кесиптик, социалдык, расалык, улуттук, этностук, регионалдык же диний тиешелүүлүгүнүн белгилери боюнча, ошондой эле жынысына жана төрөлгөн жерине байланыштуу саясий партияларды түзүүгө жол берилбейт. Саясий партиялардын түзүмдүк бөлүкчөлөрү аймактык белгилери боюнча гана түзүлөт", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: