Кыргыз-Өзбек биринчи вице-премьерлер эки жактуу кызматташуу маселелерин талкуулашты
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Ташкент шаарында Борбор Азия экономикалык форумуна катышуунун алкагында Өзбекстандын премьер-министринин биринчи орун басары – транспорт министри Ачилбай Раматов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар Кыргыз-Өзбек мамилелеринин бардык багыты боюнча конструктивдүү диалог жүргүзүү ниеттерин ырасташып, соода, инвестициялар жана транспорт тармактарында, ошондой эле суу-энергетикалык маселелеринде эки жактуу кызматташтыктын актуалдуу жана келечектүү багыттарын талкуулашты.
Мындан тышкары Кубатбек Боронов жана Ачилбай Раматов акыркы жылдары эки тараптуу товар жүгүртүүнүн көлөмү көбөйгөнүн канааттануу менен белгилешти . Алар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өстүрүү боюнча макулдашышты.







1 |