super.kg logo

Мас айдоочунун айынан жол кырсыгы болуп, 2 бала жаракат алды

 

Сокулук районунда мас айдоочунун айынан жол кырсыгы болуп, 2 бала жаракат алды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Окуя 24-июлда саат 23:20 чамасында Сокулук районунун Новопавловка айылында болгон. Ала-Тоо жаңы конушунун 58 жаштагы тургуну Мазда-626 унаасын мас абалында айдап бара жатып Ниссан-Примера үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Кырсыктын айынан Ниссан унаасындагы 2 жаштагы жана 11 жаштагы балдар ар кандай жаракаттар менен №4-шаардык ооруканасына жеткирилди. Ал эми мас абалында рулга отурган айдоочу убактылуу кармоочу жайга камалып, учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: