Ысык-Көл. Жети-Өгүздөгү кырсыктан жаракат алган Нуржан Абдрахманованын абалы оор
Жети-Өгүз районунан автокырсыкка кабылган 6 жабырлануучу учурда облустук ооруканада. Оорукананын жетекчиси Токтобай Маанаевдин билдирүүсүнө ылайык, алты бейтаптын ичинен бешөөнүн абалы кыйла жакшырып калды. "Ал эми 24-июль күнү башына операция жасалган Нуржан Абдрахманованын абалы абдан оор. Дарыгерлер болгон аракеттерин жасап жатышат. Бирок бейтаптын абалы оор бойдон калууда",- деди Маанаев. Эске сала кетсек, Нуржан Абдрахмановага атайын Бишкек шаарынан дарыгерлер келип операция жасашкан болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

