super.kg logo

Тажикстанда мектептин ачылышына президент катышып, мугалимдер Эмомали Рахмондун алдында эсин жоготуп жыгылышты

 

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында жаңы мектептин ачылышы болуп ага президент Эмомали Рахмон жана шаар мэри Рустам Эмомали баш болгон топ катышкан. Чет элдик маалымат булактарынын жазганына караганда, ачылыш аземде эки окуучу, андан кийин эки мугалим эс-учун жоготуп жыгылышкан. 2 мугалим президенттин көз алдында эс-учун жоготкон.

Мектептин ачылышы 15-март күнү болуп, анын катышуучулары өлкө башчысы менен шаар башчысын эртең мененки 9дан саат 14:00гө чейин күтүшкөн. Бул көрүнүш Эмомали Рахмондун маанайын бузуп, кол алдында иштегендердин ишин сындаган.

"Президент деле адам да. Эмнеге ал келет десе адамдарды ачка кармайсыңар. Бир чыныдан кофе менен бир токочтон берип, чай уюштуруу кыйын беле? Уюштурулуш керек болчу", - деген президент абалдан кийин.

Бирок ал окуучулардын жыгылып калганын көргөн эмес.

"Тажикстанда жүздөгөн адамдарды, алардын арасында балдарды да кошуп президент менен жолугушуу салтка айланып бара жатат. Бирок Тажик президенти мындай көрүнүштөгү жолугушууларды уюштурбоону, анын урматына деп уюштурулганы менен, туура эмес көрүнүш экенин айтып келет", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
18.03.2019. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Фантастика балким реально?
18.03.2019. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Zhoro,фантастикасы жок эле бизде да болотко?! Кундун ыссык суугуна карабай тик тургузуп коет! Чонлор келет десе?! Чондор бизге эмне кылып бергенине билбейм
18.03.2019. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Байкуштар,кошоматчылардын кылганы да
18.03.2019. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Так эле биздегидей экен. Туура эле,жашоо денгели б-ча бир катарда турабыз да(акыркы).Жакында пр.министр келет деп кошоматчылар олуп кала жаздашты.
18.03.2019. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ruslanz, bizden otot
18.03.2019. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бир жолу Акаев конференциясына барганда артка тизип койгон балдардан экөө кулап калган, ошондон кийин аларды алдырткан
18.03.2019. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ии эртеңки Ноорузга да массовкага чыгасыңар деп атат,эмне майрамда уй бүлөбүз менен эс алсак болбойбу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: