super.kg logo
  Саясат  

"Супер-Инфо" гезитине каршы бийликтин аракеттери (видео)

 

“Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси бүгүн, 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Буга “ММКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон.

Эскерте кетсек, 14-март күнү “Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси Финполго суракка чакырылган.

15-мартта “Супер-Инфо” гезитине каршы жүрүп жаткан аракеттер боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан маалымат таратылган. Анда аталган кызмат “Супер-Инфону” документтерди бербей жатат деп айыптаган. Буга "Супер-Инфо" гезити төмөнкүчө тактоо киргизген:

"Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат айтып жаткан факт боюнча "Freedom House" уюму ачкан "ЖМКны колдоо борборуна" Салык кызматы тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Дал ушул текшерүүнүн чегинде “Супер-Инфо” гезитине салык кызматынын инспектору тосмо текшерүү менен келип, басмакана менен гезиттин ортосунда эч кандай эреже бузуулар жоктугун аныктап, тийиштүү акт жасап кеткен. Андыктан Финполдун редакция документтерди бербей жатат дегени чындыкка дал келбейт".

Учурда коомдук жана жарандык активисттер "Супер-Инфону" колдоо максатында Финполдун алдына чогулушууда. Алардын катарында Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова, Адил Турдукулов бар. Учурда гезиттин директору Шайиста Шатманова аталган мамлекеттик кызматтын имаратына суракка кирип кетти.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: