super.kg logo
  Саясат  

Эл өкүлү финансы министрине: "Депутаттар эмне жөнүндө суроо бергенин дагы түшүнбөй жатасыз. Ишти жөндөп алып кетиңиз же отставкага кетиңиз"

 

Бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Анда бажы алымдары жөнүндө макулдашуунун долбоору каралды.

Жыйында депутат Сайдулла Нышанов “Бажы бирлиги же Бажы биримдиги” кайсынысы туура экенин сурады.

Темир Сариев өкмөт башчы болуп турган учурда "Бажы биримдиги" деген туура деп айткан. Ал эми бүгүн бирлиги, биримдиги деп аралаш айтылууда. Туурасы кандай болот? Сариев өзү тың эле жетекчи болчу. Ал киши туура эле айтса керек", - деди эл өкүлү.

Өкмөт өкүлү депутаттын суроосуна кагаз түрүндө жооп берүүнү өтүндү.

Мындан тышкары Нышанов финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын ишин сынга алды.

"Мен сизди жакшы-жаман деп айтпайм. Жаңы жумушка кирип түшүнбөй жатасызбы билбейм. Депутаттар эмне жөнүндө суроо бергенин дагы түшүнбөй жатасыз. Кагаз менен жооп берем дейсиз. Бирок ал дагы жок. Сизди колдоп отура берсек маселе чечилбейт экен. Ошондуктан сиз бир чечим кабыл алыңыз. Ишти жөндөп алып кетиңиз же отставкага кетиңиз. Сиздин ордуңузга ишти алгылыктуу алып барган кесипкөй министр келсин. Анткени маселе кийин чечилет деп күтүп турганга болбойт. Себеби өнүгүп келе жаткан заманда көйгөй дароо чечилиши зарыл", - дейт депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: