super.kg logo

"Бакай банктан" алдын ала берилүүчү банк төлөм карталары – бул кардарга ылдам берүү

 

"Бакай Банк" жаңы банк каражатын ишке киргизди - бул алдын ала берилүүчү банктык төлөм картасы. Карта кардар карта алуу боюнча арыз жазганга чейин берилет. Алгач ага ээси тууралуу маалыматтар, аты-жөнү жазылбайт. Алдын ала берилүүчү карта менен алган жарандын паспортундагы колу окшош болуусу керек. Карта кардардын атына ачылган эсепке байланат.

Алдын ала берилүүчү банктык төлөм картасынын артыкчылыктары:

  • Жеке бюджетти эффективдүү башкаруу мүмкүнчүлүгү;
  • Картаны колго алууда бир канча күн күтүү зарылдыгы жок;
  • Кардар банктык төлөм картасын дароо ала алат.

Мындай карта менен кадимки банк картасы сыяктуу эле бардык операцияларды жүргүзүүгө мүмкүн. Анын ичинде онлайн-банкинг менен интернет-банкинг да бар. Тез арада карта алуу керек болсо алдын ала берилүүчү карталар абдан ыңгайлуу. Мында документтерди жазып каттоо бир нече убакытты алып, карта 3 саатта активдештирилет.

Алдын ала берилген карталарды кеңири колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Алар:

  • насыяларды берүү;
  • пайыздарды төлөө же насыя алган эсепти толуктоо;
  • жаштар программасы үчүн карталар;
  • которуулар үчүн карталар;
  • социалдык программалар үчүн карталар;
  • эл аралык интернет-операциялар үчүн карталар.

Картанын валютасы: Visa Electron картасы АКШ доллары менен, Элкарт сом менен.

Минималдуу сумма: Visa Electron картасында 5 доллар, Элкартта 100 сом.

Максималдуу сумма: Кардар картада каалаган суммадагы акча каражатын сактай алат.

Жарактуу мөөнөтү: 2 жыл.

Картаны алуу мөөнөтү: Кардар кайрылган күнү.

Карта боюнча жеткиликтүү кызматтар:

  • Банкоматтарда жана накталай акча берүүчү жайларда акча каражаттарын накталай алуу;
  • Соода-сатык, тейлөө борборлорунда төлөм жасоо;
  • Балансты текшерүү;
  • Интернет аркылуу иштөө;
  • Эсепти толтуруу;
  • Акча которуу;
  • SMS-билдирүү;
  • "Бакай Банктан" интернет-банкинг;
  • Элкарт Мобайл тиркемеси менен иштөө.

Суроолор боюнча 6111, WhatsApp +996 (554) 00-61-11 номерлери аркылуу байланышып же сайттан www.bakai.kg маалымат алсаңыз болот.


“Бакай Банк” ААКсы 20 жылдан бери Кыргызстандын тургундарына финансылык кызмат көрсөтүүнүн кенен тармагын жүргүзүп келет. Азыркы тапта өлкөнүн бардык аймактарындагы банктын 76 сактык кассалары менен филиалдары тез жана ыңгайлуу тейлөөнү камсыздайт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: