super.kg logo
  Саясат  

Комитет жыйынында күйүүчү майга биоэтанол кошуу менен экологиялык, экономикалык кырдаалды жакшыртуу каралды

 

Бүгүн, 18-мартта Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында "Биоотун жөнүндө" мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Мыйзам долбооруна ылайык, өлкөдө күйүүчү майга биоэтанол кошуу менен экологиялык, экономикалык кырдаалды жакшыртуу каралууда. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады. Жыйында белгилүү болгондой, биоэтанолду өндүрүү технологиясынын минималдуу чыгымдар менен, 140 миллион сом өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

"Биоэкономиканы өнүктүрүү менен абанын булганышын алдын алууга – парник эффектин жана башка уулуу заттарды чыгаруучу уулуу газдарды төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биотун - термохимиялык же биологиялык ыкма менен биомассадан алына турган катуу, суюк же газ түрүндөгү отун. Күйүүчү майда 10 пайыз биоэтанолду кошуп пайдалануу менен уулуу заттардын газ болуп сыртка чыгышы 25 пайызга, оксид көмүртегин 30 пайызга аз чыгышын, газдарды сыртка чыгарууда катуу бөлүкчөлөрдүн курамын 50 пайызга азайтат. Аталган газдар айрыкча дем алуу системинде оорусу бар балдар менен кары адамдардын ден соолугу үчүн өтө зыяндуу" , - деди Чодуев.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев: "Өлкөдө мунай, газ болбогондон кийин бул мыйзам долбоорун колдоо керек", - деди.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун 2-окууда жактыруу чечимин кабыл алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: