super.kg logo
  Саясат  

Оппозициялык "Супер-Инфо" гезитине карата бийликтин чабуулу. Бүгүн маалымат жыйын өтөт

 

Бүгүн, 19-март күнү саат 11:00дө "24.kg" маалымат борборунда "Оппозициялык "Супер-Инфо" гезитине карата бийликтин чабуулу" аталышындагы маалымат жыйыны өтөт. Ага "Супер-Инфо" гезитинин директору Шайиста Шатманова, мурдагы элчи Кылычбек Султан, юрист Таалайгүл Токтакунова жана башкалар катышат.

“Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси кечээ, 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Буга чейин 14-мартта чакыруу болуп, буга “ЖМКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон. Финполдун инспекторунун берген суроолоруна эки сааттай жооп берип чыккан гезиттин директору Шайиста Шатманова аталган мекеменин негизсиз суракка чакырышы боюнча Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылышканын айткан. Бүгүн саат 13:00дө аталган арыздын негизинде соттук отурум болмокчу.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: