super.kg logo
  Саясат  

Биринчи Май райондук сотунда "Супер-Инфо" гезитинин жактоочулары жазган арыздын негизинде соттук отурум өттү (видео)

 

“Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси бүгүн, 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Айта кетсек, буга чейин 14-мартта чакыруу болуп, буга “ЖМКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон. Финполдун инспекторунун берген суроолоруна эки сааттай жооп берип чыккан гезиттин директору Шайиста Шатманова аталган мекеменин негизсиз суракка чакырышы боюнча Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылышканын айткан.

Бүгүн саат 14:00дө аталган арыздын негизинде соттук отурум башталды.

Гезиттин директору Шайиста Шатманова бүгүн, 18-мартта Т.Насыкулов аттуу адамдын Финполго жазган арызы менен таанышып чыккан. Арызда Насыкулов "ЖМКларды колдоо борборунун" сайтында жазылган айрым гезиттердин нускасы менен гезиттердин өзүндө жазылган нускасынын саны дал келбестигин көрсөткөн. Ал эми Шатманованын айтымында, арызда "Супер-Инфо" гезити тууралуу бир да сөз болгон эмес. Ал жерде "Шамбала" жана "Пирамида Плюс" деген гезиттердин нускасы тууралуу сөз болгон. Мындан улам гезит жетекчилиги бул суракка чакырууну негизсиз жана бийлик тарабынан болгон кысым катары сыпаттап, инспектор чыгарган токтомдордун үстүнөн Биринчи Май райондук сотуна жактоочулары арыз менен кайрылган.

Кошумчалай кетсек, эртең, 19-март күнү саат 11:00дө "24.kg" маалымат борборунда "Оппозициялык "Супер-Инфо" гезитине карата бийликтин чабуулу" аталышындагы маалымат жыйыны өтөт. Ага "Супер-Инфо" гезитинин директору Шайиста Шатманова, мурдагы элчи Кылычбек Султан, юрист Таалайгүл Токтакунова жана башкалар катышат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: