super.kg logo

"Милициянын кыйноосунан улам 18 жаштагы уулум асынып каза болду" деген Ысык-Көлдүн тургуну уурулукка шектелип кармалды

 

Ысык-Көл облусунда мал уурулукка шектелген Бөрү-Баш айылынын "18 жаштагы уулум милиция кызматкерлеринин кыйноого алганы түрткү болгонунан улам каза болду" деген маркумдун атасы мал уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ак-Суу РИИБине 3-март күнү Бөрү-Баш айылынын тургуну арыз жазып, 28-февралдан 1-мартка караган түнү белгисиз адамдар тарабынан Кара-Жал айылынан 9 жылкы уурдалганын билдирген. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренесинин (уурулук) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Уурдалган жылкыларды 2-марттан 3-мартка караган түнү Түп районунун Михайловка айылынын тургуну Аскар О. аттуу адам Токмок шаарындагы мал базарынан 305 миң сомго сатып жибергени белгилүү болгон. Сатылган 8 жылкы табылып, далил зат катары алынган. Ал эми аларды саткан жарандын үйүндө дагы бир жылкы жана акча каражаттары табылды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө О.Аскардын үйүнө уурдалган жылкыларды Түп районунун Санташ айылынын 39 жаштагы тургуну, буга чейин соттолгон Талант А. менен кошо белгисиз адам алып келгени аныкталган.Талант А. алгачкы сурак ишинде Бөрү-Баш айылынын 53 жаштагы тургуну Нурлан А. менен биргеликте 9 жылкыны уурдаганын мойнуна алды.

Нурлан А. 2018-жылы жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу мал уурулукка шектелип кармалган Эрмек аттуу уулу милиция тарабынан кыйноого кабылганын айткан. Бир нече күндөн кийин анын уулунун жансыз денеси даракка асылган абалда табылган", - деди басма сөз катчы.

Белгилүү болгондой, соттун чечими менен Нурлан А. үй камагына алынса, Талант А. 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
18.03.2019. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул жерде бир сыр бар өтө калыстык менен текшерип чыгыш керек.
18.03.2019. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Менттер атайын эле постава кылгандай
19.03.2019. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Миллициялар оз ишин жабыш учун атайын жасап жатышы да мумкун. Бул кара ниеттерден копту кутсо болот.
19.03.2019. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Берки экоо анын уйуно алып келсе кандайча Аскар О уурдаган болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: