super.kg logo

Чогуу спирт ичимдик ичишкен. Ысык-Көлдө 3 аялдын ортосунда чыр чыгып, бири каза болду

 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында чогуу ичимдик ичип отурган 3 аял уруша кетип, алардын бири киши колдуу болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-март күнү саат 07:40 чамасында Каракол ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аялдын жансыз денеси табылганы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси "адам өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам топ каза болгон аял Пристань-Пржевальск аймагынын 31 жаштагы Ф.Т. аттуу тургуну экенин, анын туруктуу жашаган жери жана иштеген иши жок болгонун аныкташкан.

"Кылмыш ишине шектүү катары 50 жаштагы Э.А. жана 45 жаштагы А.К. аттуу 2 аял кармалган. Алардын бири буга чейин соттолгону белгилүү болду. Шектүүлөр алгачкы суракта чогуу ичимдик ичип отуруп маркум менен А.К.нын ортосунда уруш чыгып, ага Э.А. болушуп, экөөлөп маркумду таш менен сабашкан. Учурда кармалган эки аял убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки териштирүү жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
18.03.2019. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Арак ичпей небере багып отурчу кезинер экен го.Ыйман берсин
18.03.2019. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эркектер калып эми аялдарга өттүбү. Тобоо кылдым
18.03.2019. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Олгону калганго булар
Эркектер бутуп ,эми аялдар калдыбы
Кудай сактай кооор
18.03.2019. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Андан көрө дүңкүңөрдү уруп эле отура берсеңер болмок, мынчалык шерменде болбойсуңар).
19.03.2019. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайсактасын,илгери эрекектер ичип мушташышса эми аялдар.Жашоо татаал болуп баратабы,чон чон аялдар экенго
19.03.2019. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх айалдар эркектерден кембизби депсиңерда
19.03.2019. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mateus, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: