super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырдан улам жабылган жолдор ачылды

 

Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырдан улам жабылган жолдор бүгүн, 18-мартта саат 18:30 чамасында ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз өкүлү Салкын Абдыкариева билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу ачылды.

13-мартта Көк-Таш - Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Буга байланыштуу Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу жабылган. 14-март күнү түштөн кийин абал кайрадан күч алып, чогулган элди таратуу үчүн асманга ок атылган. Атылган октон Тажикстандын 2 жараны каза болуп, 20дай жараны жаракат алганы айтылса, 3 Кыргыз жараны жаракат алып ооруканага жаткырылган.

Ошондой эле Ак-Сай жана Орто-Боз айылдарындагы жаш балдар менен аялдар Баткен шаарына көчүрүлүп келип, №3 орто мектептин жана №57 кесиптик лицейдин спорт залына жайгаштырылган. Ал эми айрымдары туугандарынын үйүнө жеткирилген.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.03.2019. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ачылышы го ачылды дейли бирок кантип чечти ошол боюнча маалымат бере алабы биздин чоңдор? Балким элге маалымат таратпай аларга биздин жерлерди өткөрүп берип макулдаштыбы? Ким билет?
Көз карандысыз жол деп эле жол салабыз, жол 30 км узак болуп калат, андан кийин таджиктердин чек арасы бир эки жылда ошол жолго чейин кайра эле жылып калган болот , а биз жол салып эле тоого карай качып кетип жатабыз
18.03.2019. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эх биздин алсыз мамлекет озубуздун жерге ээ чыгалбай, озубуздун жерге озубуз жол салалбай, биз анклабда калгандай тажиктерге озубуздун жерден калыс жол берип, чондор оздорунун бизнеси учун фураларына тезирээк жол ачыш учун Ак-Сайдын элин ойлобой кандай болсо да кыргыздар эмне болсо болсун деп жолду ачтынар кайран гана Баткен элим кайран гана Ак-Сай элим.
kyrgyzali түзөттү 2019-03-18 20:10:25
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: