super.kg logo

Ак-Талаада мектеп окуучусу бычактан жаракат алып каза болду

 

Ак-Талаа районундагы Үгүт айылынын 17 жаштагы Т.М. аттуу мектеп окуучусу бычактан жаракат алып каза болду. Ага 16 жаштагы Р.Э. аттуу айылдашы бычак сайган деп шектелип жатат. Бул тууралуу Нарын ОИИБинен кабарлашты.

Маалым болгондой, 16-март күнү саат 22:30да милицияга райондук ооруканадан чалуу болгон. Анда Үгүт айылынан 17 жаштагы жаран далысынан жаракат алып, ооруканада каза болгону жөнүндө айтылган.

Райондук милиция окуя болгон айылга барып 11-класстын окуучусу Т.М. жана 10-класстын окуучусу Р.Э. экөөнүн ортосунда чыр чыкканын, мындан улам Р.Э. өз үйүнөн бычак көтөрүп чыгып ага сайып жибергенин аныктаган.

Шектүү Р.Э. күнөөсүн моюнуна алып, учурда убактылуу кармоочу жайда отурганы кабарланды. Факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды жана тергөө иштери башталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: