super.kg logo

Баткен. Ак-Сай айылындагы аялдар менен жаш балдар үйлөрүнө кайтышты

 

Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Баткен шаарына Ак-Сай жана Орто-Боз айылдарынан алынып келген аялдар менен балдар бүгүн, 18-март күнү өз үйлөрүнө кайтып кетишти.

Мындай маалыматты SUPER.KG'ге облустук администрациянын басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова кабарлады. Анын айтымында, жалпы 700дөн ашуун тургун шаарга көчүрүлүп алынып келсе, учурда кырдаал жөнгө салынгандан кийин 300дөн ашыгы кайтып кетишти.

"300дөн ашык адамды шаардагы менчик мейманкана, жатаканага бөлүп 9 пунктка, калганын туугандарынын үйлөрүндө жайгаштырган болчубуз. Бүгүн жол ачылып 9 пунктка жайгашкандар өз үйлөрүнө кетишти. Ал эми туугандарынын үйлөрүнө жашап жаткандар акырындык менен үйлөрүнө жөнөп башташты", - деди Бердикулова.

13-мартта Көк-Таш - Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Буга байланыштуу Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу жабылган. 14-март күнү түштөн кийин абал кайрадан күч алып, чогулган элди таратуу үчүн асманга ок атылган. Атылган октон Тажикстандын 2 жараны каза болуп, 20дай жараны жаракат алганы айтылса, 3 Кыргыз жараны жаракат алып ооруканага жаткырылган.

Ошондой эле Ак-Сай жана Орто-Боз айылдарындагы жаш балдар менен аялдар Баткен шаарына көчүрүлүп келип, №3 орто мектептин жана №57 кесиптик лицейдин спорт залына жайгаштырылган. Ал эми айрымдары туугандарынын үйүнө жеткирилген эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: