super.kg logo
  Саясат  

Нариман Түлеев боюнча соттук отурум 29-июлга жылдырылды

 
Бүгүн, 26-июлда Ленин райондук сотунда экс-мэр Нариман Түлеев боюнча өтүп жаткан соттук отурумда судья Аман Сариев соттук отурум 29-июлга жылдырылганын билдирди. Айтымында, Нариман Түлеевдин ден соолугунун начар экендиги тууралуу дарыгерлерден аныктама келген. Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен судья Нариман Түлеевдин кан басымы көтөрүлүп кеткенин айтып, соттук отурумду саат 14:00гө жылдырган эле. Эске сала кетсек, бүгүн "Кытайдан автобустарды алып келүүдө ири суммадагы акчаны мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алган” деп айыпталган экс-мэр Нариман Түлеевге, "Тазалык" ишканасынын жетекчилик кызматын убактылуу аркалаган Бакыт Сыдыковго, Бишкек мэриясынын автоунаа ишканасынын экс-директору Медет Кожобергеновго, мурунку вице-мэр Валерий Корниенкого, Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчилери Руслан Бейшенбаевге жана Билимбек Токтобековго карата өкүм чыкмак.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: