super.kg logo

52 милиция кызматкери Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыккан айылдарды күнү-түнү кайтарып чыгат

 

52 милиция кызматкери Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыккан айылдарды күнү-түнү кайтарып чыгат. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге 18-мартта Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Кайратбек Мамуров кабарлады.

Маалым болгондой, чек арада кырдаалды жөнгө салуу боюнча кол коюлган протоколдун негизинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана элдин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн унаа жана жөө патруль уюштурулду.

"Патрулда Баткен ОИИБи менен Согди ОИИБинин жалпы 52 кызматкери бар. Анын 16сы 4 унаа менен жүрсө, калганы жөө жүрөт. Алар Баткен районундагы Орто-Боз, Таш-Тумшук, Көк-Терек, Ак-Сай, Көк-Таш жана Тажикстандын Исфара районунун Ходжо-Аьло, Майский, Ворух айылдары менен чектешкен жерлерде болуп, күнү-түнү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзөт жана коопсуздукту камсыз кылат", - деди Мамуров.

13-мартта Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Буга байланыштуу Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу жабылган. 14-март күнү түштөн кийин абал кайрадан күч алып, чогулган элди таратуу үчүн асманга ок атылган. Атылган октон Тажикстандын 2 жараны каза болуп, 20дай жараны жаракат алганы айтылса, 3 Кыргыз жараны жаракат алып ооруканага жаткырылган.

18-мартта эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр аягына чыкты. Жыйынтыгында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюшту. Протоколго ылайык, Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулуш иштерин улантууга макулдашышты. Андан кийин Баткен-Лейлек, Исфара-Ворух жолу ачылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
19.03.2019. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы эми иштейт экен да милиция кызматкерлери Кыргызстандын бардык жеринде ушундай кылыш керек милиция күнү түнү иштеш керек айылдарда дагы
19.03.2019. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
esenbek81,мындай болбосо деле милициянын иши коп. Же майрам куну дем алыш жок. Дем алуу кундору болсо тынч болсо экен деп турушат. Жумасына бир кун дем алыш да зорго беришет. Анан айлыгы 40саатка карата берилет
19.03.2019. 05:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
биздикилер дагы утулду ворухка эмнеге коридор бердинер
19.03.2019. 07:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде спецназдар болчуу еле 1жыл жургонго
19.03.2019. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элге эмне деп түшүндүрөт тажиктер келсе качкыла дейби,же кандай ушуну аябай билгим келди эле
19.03.2019. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми коопсуздук чарасын алдын алган жакшыда. Тажиктер басып келет деп эч ким кепилдик бере албайт да туурабы.
19.03.2019. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичип өзүңөр мас болуп албагыла анан көбүнчө ошондойго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: