super.kg logo
  Саясат  

Парламент комитетинде "Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралат

 

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Мындан сырткары комитет жыйынында өкмөттүн 2018-жылдын 9-февралындагы №87 токтому менен жактырылган "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Ошондой эле Жогорку Кеӊешинин депутаты Гүлкан Молдобекова тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралмакчы.

Баяндамачы катары, өкмөткө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Санжар Муканбетов, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров чакырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: