super.kg logo

Акимдин орун басары: "Берекет Универсал" соода жайынын соодагерлери жаңы имаратка көчүүгө каршы чыгып жатышат"

 

"Берекет Универсал" соода жайынын соодагерлери жаңы имаратка көчүүгө каршы чыгып жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта SUPER.KG порталына Бишкек шаарындагы Ленин районунун акиминин биринчи орун басары Чынасыл Чыныбаев билдирди.

Акимдин орун басарынын айтымында, имараттын курулуш иштери толук аяктаса, учурда жолду ээлеп турган сатуучулардын баары ал имаратка көчүрүлүп, базардын айланасы иретке келет.

"Өрттөнүп кеткен "Берекет" базарынын оң тарабындагы бөлүктүн соодагерлери да жаңы имаратка көчүрүлөт. Учурда жаңы имаратка көчүп кирүүгө базардын артындагы "Берекет Универсал" соода жайынын соодагерлери каршы чыгып жатышат. Алар мурунку соода ордуларында калгылары келүүдө.

Бүгүнкү күндө жаңы курулуп жаткан имараттын курулуш иштери улантылууда. Соодагерлер жаңы имаратка качан көчүп кирери белгисиз. Мендеги маалыматка ылайык, болжол менен ушул айдын аягы же апрель айынын башында көчүрүлүшү мүмкүн", - деди.

Буга чейин "Берекет" соода жайынын директору Жекшен Ильязов "Ош базарындагы" курулуп жаткан жаңы соода имараты январь айында пайдаланууга берилерин айткан. Кийин курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компания ишти убагында бүтүрүүгө жетишпей жаткандыгына байланыштуу пайдаланууга берүү убактысын белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Ошондой эле план боюнча жаңы имараттын 1-этабы декабрь айынын аягында ал эми 2-этабы 2019-жылдын март айында аяктай турганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.03.2019. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көчпөсөңөр кайра күйгүзүштөн да кайтпайт булар этият болгула
20.03.2019. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арендасын которуп койдуда ошого макул болбой жатат же эл коп кирбей калат деп жатышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: