super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Баткенде өрүк гүлдөдү. Дыйкандарды алдыда күтүлгөн аба ырайы кабатыр кылууда

 

Өрүкзарлуу Баткен облусунда өрүк гүлдөп, окурмандардан "ЭЛДИК КАБАРГА" түркүн кооз сүрөттөр келүүдө. Өрүк гүлдөгөн мезгилдин ажайып кооз көрүнүшүн барып көрүүгө үлгүрбөгөндөр үчүн сүрөттөрдү жарыялайбыз.

Япондор дүйнөгө сакуранын гүлдөшүн даңкташса, Баткен өрүкзарларынын керемет жомоктой гүлдөшүн сөз кылат. Анын сыңары учурда өрүкзарлар гүлдөп, абаны керемет жыты менен ээлеп алган кези. Сөз кылгандай эле, өрүк Баткендин бренди жана да негизги киреше тармагы болуп саналат. Сүрөттөгү өрүктөр Баткендин ар кайсы райондорунан тартылган.

Алдыңкы 20-21-23-март күндөрү өлкө аймагында жаан-чачындуу аба ырайы күтүлөрүн ӨКМ кабарлады. Жаңы гүлдөгөн өрүк бактардын гүлүн жамгыр уруп, мөмө байлабай калбаса экен деп багбандар кабатыр болуп жаткан учуру.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(3)
19.03.2019. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Япония го ыя
19.03.2019. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орук зарлуу Баткеним оркунодп осо бер,тынчылык болсун!.Кудайым берекесин берсин!!!
19.03.2019. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде орук качан гулдойт ыя.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: