super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Мамлекеттик чалгындоо кызматы банк кутуларын текшерүү аракети менен инвесторлорду чочутуп койду"

 

Мамлекеттик чалгындоо кызматы банк кутуларын текшерүү аракети менен инвесторлорду чочутуп койду.

Бул тууралуу 19-мартта Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин жыйынында депутат Чыныбай Турсунбеков билдирди.

"Мамлекеттик чалгындоо кызматы мындан ары дагы банк кутуларын текшереби же текшербейби? Мамлекеттик чалгындоо кызматы тарабынан банк ячейкаларын текшерүү аракети Кыргыз өлкөсүндө ири көлөмдөгү каражаттын чыгарылып кетишине алып келди. Эмне, банкта акча силер текшериш үчүн сакталабы? Мындай ойлонулбаган кадамыӊар менен инвесторлорду чочутуп койдуӊар, эми алардын келер-келбеси арсар. Минтип отурсаӊар өлкөнүн өнүгүшү кыйын. Дүйнөдө коррупцияга каршы башкача жолдор аркылуу күрөшөт", - деди депутат.

Комитет 2011-жылдын 19-декабрындагы Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбооруна макулдугун берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: