super.kg logo

Камчыбек Ташиев: "Эмне үчүн бийлик өзүбүздүн аймагыбызга жол куруу үчүн Тажикстандан уруксат сурашы керек?"

 

Экс-депутат Камчыбек Ташиев 14-март күнү социалдык тармактагы баракчасына Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр боюнча жеринен таанышып келүү үчүн Баткенге жөнөп жатканын жазган.

"Мен Баткенге жөнөп жатам, бийликтегилер мурдагыларга окшоп эле эч нерсе чече алышпайт. Жер, эл бизге керек, менин, сенин урпактарыңа керек! Ата-бабалардын жерине кол тийгизбейбиз", - деп жазган Ташиев.

Бүгүн, 19-мартта Бишкек шаарында саясатчы Баткенге болгон сапары тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү. Ташиев белгилегендей, бийлик өкүлдөрү Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча түзүлгөн жаңы протоколдун мазмунун элден жашырып жатат.

"Кыргыз бийлиги 2 тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын коомчулукка ачык жарыялаган жок. Буга байланыштуу кол коюлган протоколдордо эмне деп жазылганын толук билген жокпуз. "Ак-Таш-Тамдык жолун курууга уруксат алдык" деген сыяктуу айрым гана маалыматтар ачыкталды. Мындан улам суроо жаралат. Эмне үчүн бийлик кыргыз аймагына жол куруу үчүн Тажикстандан уруксат алышы керек? Протоколго бул маселени киргизбеш керек болчу. Анткени жол курууда тажик бийлиги менен макулдашуу, бул аталган аймактар Тажикстандын аймагы экендигин моюнга алуу менен барабар.

Тажик бийлиги 2 тарап макулдашкан бардык маселелерди ачык жарыялап жатат. А биздикилер баарын жаап-жашырып жатышат. Ошондуктан биз бийлик өкүлдөрүнөн бардык маалыматтарды ачык-айкын коомго жеткиришин талап кылышыбыз керек", - деди Ташиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
19.03.2019. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Колунан эч нерсе келбеген бийликти убагында билип туруп эмне учун колдодунуз анда? Бул жерде сиз элге жерге куйуп жатасызбы же Тажикистанга кетип жаткан куйуучу май бизнесинизге куйуп жатасызбы ( токтоп калбаш учун ) деген суроо жаралат.
19.03.2019. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Povetkin, эрежелерди сактаңыз. Эскертүү!
19.03.2019. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Именно Ташиевдин бензин бизнеси бар деп ким айтты.Колун менен кармабагандандан кийин антип айткан чон куноо.Сен дагы же финполдо иштейсинби.

19.03.2019. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баткендин тажик жерине чектеш Чоң-Талаа деген айылында да тажиктин аскерлери кыргыз жерине чыгып, үй-жай үчүн деп бөлүнүп берилген жерге үй салып жаткан кыргыздарга курулушту токтоткула. Чек арадан 200 метр аралыка чейин үй салынбаш керек деп коркутушуптур. Эми суроо бийлике. Эмне себептен өзүбүздүн жерде кандай үй салаарыбызды тажик тарап көзөмөлдөйт? Андай мыйзам бар болсо эмнеге ал жерден участок берди? Эл тынчыганча сүйлөшүп жатабыз деп андан соң ошол бойдон калып жатат.
19.03.2019. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Отчёт бергиле элге тезинен
19.03.2019. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдан ачык корунуп турат ал дер эчак сатылып кеткен.
20.03.2019. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХХ жеп жатавербестен бирнерсе кылсаңар ак үйдо отургандар,пока кеч болүп калалекте
Модератор admin_portal түзөттү 2019-03-20 13:56:24
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: