super.kg logo

Араванда баңгизатын мыйзамсыз алып жүргөн жана сатууга аракет кылган кылмыштуу топ кармалды

 

Араван РИИБинин кызматкерлери мыйзамсыз баңгизатын сатып жүргөн кылмыштуу топтун бетин ачты. Мындай маалыматты Ош ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 16-март күнү Араван районунун Сырт айылынын жашоочусу 37 жаштагы К.М. жана ошол эле айылдын жашоочусу 23 жаштагы А.Х. аттуу жарандар баңгизатты сатуу максатында алып бара жаткан жеринен кармалышкан.

"Кароо жүргүзгөн учурда алардан 120 грамм баңгизат табылган. Бул факт боюнча атайын экспертиза жасалып, жыйынтыгында табылган баңгизат марихуана экендиги аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө бул баңгизаты аталган райондун тургунунан алынганы белгилүү болгон. Мындан улам ал жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, атайын катылган жайдан жалпы салмагы 1 килограммга жакын баңгизат жана 1,2 грамм баңгизаттын банкаларга салынган уругу табылган. Бул факт Ош ОИИБинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмышка шектүүлөр К.М., Н.Д., жана А.Х. Араван РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө башталды", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: