super.kg logo

Караколдо 300 сомдун айынан чыр чыгып 43 жаштагы жаран бычакталып, каза болгону айтылды

 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эркек киши бычактан алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-март күнү ооруканага шаардагы үйлөрдүн биринде бычакталган жаран тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган "Тез жардам" кызматы жабырлануучуну ооруканага алып бара жатканда каза болуп калган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси "адам өлтүрүү" боюнча иш козголуп, шектүү катары Г.В. аттуу жаран кармалган. Ал күнөөсүн моюнуна алып алгачкы суракта буларды билдирген.

"Окуя болгон күнү маркум жана шектүү аялдары менен бирге спирт ичимдигин ичишкен. Андан кийин маркум менен шектүүнүн аялынын ортосунда 300 сомдун айынан уруш чыккан. Шектүү аялы үчүн маркумдан өч алуу максатында ага бычак сайган. Ал эми 43 жаштагы жабырлануучу Д.К. ооруканага жетпей каза болгон. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, шаардык сот баш коргоо чарасын карап жатат", - деп билдирет басма сөз катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: