super.kg logo
  Саясат  

Депутат Асел Кодуранова: “Оппозицияга кеткенибизди жарыялап жатсак кантип көпчүлүк коалицияда отурабыз?”

 

КСДПнын өзүн расмий оппозициялык партия атаганы коомчулукта талкуу болуп жатат. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон өтүп аталган партиянын тизмеси менен куралган КСДП фракциясы бийликтин көз карашын карманган көпчүлүк коалицияда. Партия оппозицияда болгон учурда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын кадамдары кандай болгону туура?

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "КСДП партиясы оппозицияга кеткенин расмий жарыялады. КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгышы керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова жооп берди.

Ал фракция коалициядан чыгабы же чыкпайбы аны бир Кудай билет деген ойдо экенин билдирди.
“Коалициянын көпчүлүгүндө кантип отурабыз? Эгер биз ачык жана расмий түрдө оппозицияга кеткенибизди жарыялап жатсак. Негизи Кыргызстан социал-демократиялык партиясы көпчүлүк коалициядан чыгышы керек. Бирок коалициядан чыгабы же чыкпайбы аны бир Кудай билет. Себеби Иса Өмүркулов жазып жатпайбы: “Биз эмне себептен чыгабыз?” деп. Расмий түрдө оппозицияга кеткенибизди жарыялаган соң негизи коалициядан чыкканыбыз туура болот”, - деди Кодуранова.
Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Ирина Карамушкина, Чыныбай Турсунбеков, Төрөбай Зулпукаров, Алмамбет Шыкмаматов, саясат таануучу Игорь Шестаков жана КСДПнын юристи Нурбек Касымбековдун пикири бул шилтемеде.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: