Жол кыймылын туура эмес жөнгө салып, элдин кыжырын келтирген инспектор жумуштан бошотулду
"Ош базарынын" аймагындагы Чүй кең көчөсү менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кыймылын туура эмес жөнгө салып, элдин кыжырын келтирген инспектор жумуштан бошотулду. Мындай маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, ал Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын дисциплинардык уставында көрсөтүлгөн талаптарын бузган. Инспектордун өз ишин билбегендигине байланыштуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын төрт кызматкерине тартип жазасы колдонулду.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Тилек Оторов ал кызматкерлердин атын айтууга болбой турганын билдирип, суроого жооп берүүдөн баш тартты.
Инспектор колундагы таягы менен жол кыймылын туура эмес башкарып жаткан видеосу интернетке ушул жылдын 9-мартында жарыяланган. Интернет колдонуучулары инспектордун бул аракетине кыжырданып, өз ишин так билбей турганын белгилешкен.
Өз ишин билбей, элдин кыжырына тийген инспектор жумушунан бошотулду







1 |