super.kg logo

Миграция кызматынын өкүлү Якутиянын ички иштер министри менен жолугушуп абалды талкуулады

 

Бүгүн, 19-мартта Кыргыз өлкөсүнүн Миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов Саха Республикасынын (Якутия) ички иштер министри Владимир Прокопенко менен жолугушканын Орусиядагы элчиликтин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууга эки тарап жергиликтүү элдин Кыргыз жарандарына карата ачуулануусу боюнча кырдаалды жөнгө салууну талкуулашты.

Белгилүү болгондой Токтоболотов Якутск шаарындагы Кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды күчөтүү өтүнүчүн келтирген. Прокопенко өткөн сутка ичинде Кыргыз жарандарына байланыштуу окуя тууралуу кайрылуу болбогонун, Саха Республикасынын Ички иштер министрлиги баш аламандыкка жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө даяр экенин айткан.

Жыйынтыгында Якутск шаарындагы абалды нормалдаштыруу максатында коомчулукка түшүндүрүү иштерин биргеликте жүргүзүүнү макулдашышты.

17-март күнү кечинде Якутск шаарынын 200дөй тургуну Борбор Азиядан келген мигранттарга каршы митингге чыгышкан. Буга жергиликтүү тургундун ошол күнү эртең менен Борбор Азиядан келген 3 адам аны күч колдонуу менен унаага салып кетип зордуктаганын айткан маалыматы түрткү болгон.

Якутск шаарынын тергөө кызматы зордуктоо фактысы болгонун тастыктап, шектүү катары кармалгандардын бири Кыргыз жеринен барган адам экенин жана күнөөсүн моюнуна алганын кабарлаган. Ал эми дагы 2 адам кылмыш ишине тиешеси бар же жогу аныкталып жатканы айтылган.

Учурда расмий маалыматтар боюнча Орусиянын аймагында 640 миңдей Кыргыз жараны бар болсо, анын 10 миңден ашыгы Саха Республикасынын аймагында иштеп жүрүшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.03.2019. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шерменде кысып эле жүрбөйт бекен баардык мигранттарды жаман көрсөтпөй кыргыздын атын булгап
21.03.2019. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Floweriza,сен билип билбей ар нерсени жаза бербесен. Бул жерде сен болдунбу? Же шам кармап турдунбу? Орусча айтканда "козел отпущения" болгон. бул жерде. Сен Ал жигиттерди соттогудай сот же прокурор эмессин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: