super.kg logo

20-мартта Казакстандын президентинин милдетин аткаруучу Касым-Жомарт Токаев ант берет (өмүр баяны)

 

19-мартта Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев отставкага кетти. Конституцияга ылайык парламенттин төрагасы Касым-Жомарт Токаев президенттин милдетин аткаруучу болду. Ал эртең, 20-мартта ант берет.

Казакстанда кийинки президенттик шайлоо 2020-жылы өтөт. Касым-Жомарт Токаев президенттик шайлоого чейин өлкөнү убактылуу башкарып турат.

Касым-Жомарт Токаев 65 жашта. Ал 1953-жылы 17-майда Алматы шаарында туулган. Москва мамлекеттик институтунун Эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн.

1975-жылы СССРдин Тышкы иштер министрлигинде кызмат өтөп баштаган. Сингапурдагы Советтер Союзунун элчилигине иштөө үчүн жөнөтүлгөн. 1979-1983-жылдары улук референт, атташе, СССРдин тышкы иштер министрлигинин үчүнчү катчысы болгон.

1993-1994-жылдары Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары;

1994-1999-жылдары тышкы иштер министри;

1999-жылы премьер-министрдин орун басары;

1999-2002-жылдары премьер-министрдин милдетин аткаруучу, премьер-министр;

2002-2007-жылдары мамлекеттик катчы, Казакстандын тышкы иштер министри;

2007-2011-жылдары депутат, парламент төрагасы. 2011-жылдан 2013-жылга чейин БУУнун Башкы катчысынын орун басары, БУУнун Женевадагы Европа бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 2013-жылы 16-октябрда парламенттин спикери болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
20.03.2019. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
65 жашта, бул деле назарбаевдин айырмасы жок.
20.03.2019. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
JENTLEMAN,Назарбаев 80ге чыгып калыптыр,айырма бар,иштей турган курагы экен Токаевдин.
20.03.2019. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы иштерде иштептир
20.03.2019. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Иштениз,ийгилик!
20.03.2019. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кашы тике карап турат кыйын адам корунот бултайып турса биздикиге окшоп бир жон
20.03.2019. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаллаң министр болуп жүрүптүр да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: