Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында унаа тыгыны орун алууда. Чек ара кызматы себебин түшүндүрдү
Учурда Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында унаа тыгыны орун алууда. Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Салкын Абдыкариева SUPER.KG'ге себебин түшүндүрдү.
Анын айтымында, учурда аталган көзөмөл-өткөрүү жайында 50гө чукул жүк ташуучу унаалар турат.
"Казакстан тарап өлкө аймагына кирип жаткан жүктөрдүн документтери менен техникаларды толугу менен текшерип жатканын айтышты. Анын үстүнө учурда Казакстанга кирген жүктөрдүн саны көп болуп жатат. Ошондон улам "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында учурда 50гө жакын жүк ташыган унаалар кезек күтүп турушат. Бирок баары эле фуралар эмес, арасында кичи автобустар да бар. Негизинен буга чейин деле ар бир көзөмөл-өткөрүү жайында 30дай унаа турган учурлар болот. Аны тыгын катары эмес, кадимкидей эле көрүнүш деп саноого болот", - деди Абдыкариева.
Ал кошумчалагандай, Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Тилектен" башка көзөмөл-өткөрүү жайларында эч кандай унаа тыгыны жок.





