super.kg logo

Орусияда жөлөк пул алуу үчүн бакма баласын 7 жыл ачка кармап, оорусу күчөсүн деп дары-дармек берип жүргөн аял 6 жылга эркинен ажыратылды

 
Орусиянын түндүк-батыш тарабында жайгашкан Магадан шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланы баккандыгы үчүн жөлөк пул жана баланын майыптыгы үчүн акча алуу максатында бакма баласын 7 жыл ачка кармаган аял 6 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу маалымат Орусиянын тергөө комитетинин сайтында жайгаштырылды.
Маалыматка ылайык, Магадан шаарынын тургуну ден соолугунун мумкүнчүлүгү чектелген бакма баласын баккандыгы жана анын майыптыгы үчүн социалдык төлөмдөрдү алып келген.
"Баланын абалы начарлап ага майыптык берилип, өгөй энесине социалдык төлөмдөр төлөнүп келген. Бала айыгып кетпеши үчүн айыпталуучу ага 7 жыл бою дары-дармек берип, анын абалын өзгөртпөөгө болгон аракетин жумшаган. Акыркы жолу дарыгерге барган учурда бала тажрыйбалуу дарыгерге туш болуп, ал баланы көрүп шектенген. Тиешелүү текшерүүлөрдөн кийин бала бул абалга көп жыл бою ачка жүргөндүктөн келгенин аныктаган. Дарыгер энесин сыртка чыгарып, бала менен сырдашканда ал апасынын мамилеси тууралуу айтып берген. Бул тууралуу тиешелүү органдарга маалымат берилип, иликтөө иштери башталган. 11 жаштагы баланын салмагы 3 жаштагы баланыкы менен тең - 11 килограмм экени да белгилүү болгон. Жети жыл аралыгында баланын энеси 4 миллион рублдан ашык социалдык төлөмдөрдү алган. Ага карата 3 берене менен кылмыш иши козголуп, сот аны 6 жылга эркинен ажыраткан. Учурда бала башка үй-бүлөгө берилип, жакшы шарттар түзүлүп берилди. Ал энесинен алынгандан бери 5 килограмм салмак кошуп, бою да 5 сантиметрге өскөн", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
20.03.2019. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Врач молодец экен
20.03.2019. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Созсуз бир себеп болуп бары бир ачыкка чыгат экен. Кылмыш деген ушул эми озун ачка коюшсун. Кайран бала
20.03.2019. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уурунун арты кууш.Турмодо чирип олсон экен мыкаачы.Байкуш бала((((((
20.03.2019. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
6 жыл аз өзү жети жыл азапты көрсөтсө анан алты жыл бергени эмнеси төрт эсе көбөйтүш керек эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: