super.kg logo

Парламентте мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программанын алкагында аудиокитептер жазыла турганы айтылды

 

18-март күнү Жогорку Кеӊеште мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйыны өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө белгиленген иш-чаралардын аткарылышы, үнөмдөлгөн каражаттарды жумшоо боюнча кеңири сөз болду.

Талкуу учурунда негизги көңүл үнөмдөлгөн каражаттарды пайдалануу маселесине бурулду. Улуттук илимдер академиясында мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынан бөлүнгөн каражаттан 20 миллион сом үнөмдөлгөн. Мына ушул каражаттан айрым телеканалдарда көркөм фильмдерди, мультфильмдерди которуу, видеосабактарды өтүү үчүн 15 миллион сом бөлдүрүп берүүнү сурады. Техникалык жабдууларын жаңыртуу менен, заман шартына ылайык аудиокитептерди жаздыруу үчүн КТРКга да 10 миллион сом акча каражаты керек болуп жатканы белгилүү болду.

Билим берүү жана илим министрлигине бөлүнгөн каражаттан 6 миллион 200 миң сом белгиленген иш-чаралардын аткарылбаганынан улам калып калган.

Мына ушундай өтүнүчтөрдөн кийин бериле турган акчаны кандай шарттар менен бөлүп берүүнүн жолдору талкууга алынып, каражат сураган тараптардын кийинки жыйынга конкреттүү сунуштарды даярдап келүүсүн талап кылышты. Ал эми жалпысынан алганда Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программанын аткарылышы жаман эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: