Тегеранда 100 жүргүнчүсү менен учуп бара жаткан учактан өрт чыкты
Тегерандын Мехрабад аэропортунан 100 жүргүнчүсү менен учуп бараткан учактан өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 21:00 чамасында болгон. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, өрт учак абага көтөрүлүү үчүн жүрүп баштаганда арткы бөлүгүнөн чыккан.
"Өрт чыккан учурда учактын ичинде 100 жүргүнчү болгон, анын ичинен 50 адам эвакуацияланган. Өрттөн канча адам жабырганы боюнча азырынча так маалымат жок. Аэропортко 10 "Тез жардам" кызматы жана бир нече өрт өчүрүүчү унаа жиберилген", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.