super.kg logo

Бишкек ЖЭБин жаңылоодо коррупция боюнча айыпталып жаткандардын жактоочулары соттук отурумдар ачык өтүүсүн камсыздоо өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылышты

 

Бишкек ЖЭБин жаңылоодо коррупция боюнча айыпталып жаткандардын жактоочулары соттук отурумдар ачык жана акыйкат өтүүсүн камсыздоо өтүнүчү менен Жогорку Соттун төрайымына кайрылышты. Бул тууралуу айыпталуучу, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов маалымдады.

Ал билдиргендей, буга чейин соттук алдын ала уктуруулар аяктаган. Эми соттук отурумдар башталды, бирок Свердлов райондук сотундагы отурум өткөн зал тар болгондуктан ага жактоочулар менен күзөт кызматы эле батат. Бул абал соттук отурумдун ачык өтүүсүн камсыздабай жатат.

"Эгер сот залына жалпыга маалымдоо каражаттары менен айыпталуучулардын туугандарын киргизсек зал адамга толуп калат да, тыгылыштан жактоочулар иштей албай калып жатабыз. Жактоочулар бул ишти кененирээк залда кароону өтүнөт. Процесстин жабык өтүүсү - такталбаган маалыматтардын жана коомчулукта туура эмес пикирлердин таралуусуна шарт түзөт. Эгер мамлекеттик айыптоочулар өздөрү коюп жаткан күнөөгө ишенсе анда алар муну далилдөө үчүн соттук процесстердин ачык болушуна, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, айыптоочулардын туугандары баткан залда өткөрүүгө кызыкдар болушу керек", - деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: