super.kg logo

Экс-мэр Албек Ибраимовдун жубайы: "Соттун адилеттүү чечим чыгарышына көзүбүз жетпейт"

 

Бүгүн, 20-мартта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум улантылды. Албек Ибраимовдун жубайы Айнура Ибраимова журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, бул иш боюнча сот адилеттүү чечим чыгарарына көзү жетпей турганын айтты.

"Бүгүнкү отурумда да буга чейинки соттук отурумдардай эле көп эл залга кире албай эшикте калды. Залдын ичинде дем жетпей, демибиз кысылып сыртка чыгууга туура келди. Болгону бүгүнкү соттук отурумда айыпталуучулардын жубайларына жана 1-2ден жакын туугандарына залга кирүүгө уруксат берилди. Калгандары минтип коридордо жаңылык күтүп турууга аргасыз болууда. Мурункудай эле эч кандай шарттар каралган эмес. Азыр сыртка чыгып алып, эми кайра кире албай турабыз. Залдын ичинде 12-13 күзөт кызматкери турат, андан сырткары жактоочулар, айыпталуучулардын туугандары, прокурорлор болгондуктан дем жетпей калды.

Мындан 1 ай мурун Кубанычбек Кеңешовичтин (ред. Кулматовдун) жубайы экөөбүз жолдошторубуз менен жолугушуу үчүн уруксат сурап кайрылганбыз, кийин уруксат берилген. Мен жолдошум менен жолуктум, сүйлөштүм, абалы өзүңүздөр көргөндөй...

Негизги айта турган нерсе - бул соттук иш адилеттүү чечилет дегенге ишене албай турабыз. Ишти карап жаткан судьянын өзүнө кылмыш иши козголгондугун билгенде аябай таң калдык. Буга байланыштуу судьяга ишенбестик көрсөтүлдү", - деди ал.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Кубанычбек Кулматовго карата 2018-жылдын май айында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, июнь айында камакка алынган. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталууда.

Ушул жылдын 6-мартынан тартып Кулматов менен Ибраимовдун иштери бириктирилип, сотто карала башталды. Эки экс-мэрдин ишине байланыштуу жалпысынан 14 адамга айып коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(10)
20.03.2019. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Конечно, ал силерден калган нерсе да. Убагында ошол сотторду каалагандай калчайт эленер го, эми ошолор озунорго каршы иштейт. Жашоо -Бумеранг
20.03.2019. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
nurka_85,туура. Убагында көрсө да көрмөксөн болушчу эле. Эми эле адилеттик издеп калышканын.
20.03.2019. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кантип канча жегенин билесинерда,ошон үчүн көзүнүз жетпейт чыгышына
20.03.2019. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жакшы аял болсонуз коп жебе деп айтсаныз болот эле.Элдин коз жашы жаман болот.Аллах бар,ал баарын коруп турат.
20.03.2019. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Элди эч нерсе билбеген,көрбөгөн кемпай ойлойт окшойсунар.Сот адилеттүү өтсө А.Ибраимов менен Кулматов камалышы керек.Алар камалбаса анда адилетсиз болуп калат.
20.03.2019. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
супер инфо көп сөз жазгым келет коментарийлерге силер да адилетуу болсонор коп жердеги талкууларды жаап коесуңар
21.03.2019. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
tilek121277,ооба.Жакпаса комент.ди очуруп салышат.Супер инфо биринчи озунор онолуп алгылачы анан адилеттулукту суйлогуло.
Супер инфону жапса адилетту болот,ушакчы гезитти.
20.03.2019. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тойгончо жеп олгучо актангыла
21.03.2019. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Камалсын, 250мин$ түшкө кирбеген акчаны да паралап алса, мага демек өмүр бою камалсын
21.03.2019. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ишенбейсиңер да.Силер ишенген убак өткөөн.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: