Якутиядагы мигранттарды текшерүү күчөтүлөт



Саха Республикасындагы (Якутия) мигранттарды текшерүү күчөтүлөт. Бул тууралуу республиканын ички иштер министри Владимир Прокопенко 19-мартта Кыргыз өлкөсүнүн Миграция кызматынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуу учурунда айтканын мекеменин расмий сайты жарыялады.
Маалым болгондой, миграциялык мыйзамдарга ылайык Саханын аймагында жүргүнчүлөрдү ташыган жана мыйзамсыз ишкердик жүргүзгөндөр текшерилет.
"Мигранттар тарабынан жасалган бардык кылмыш иштери өзгөчө көзөмөлдө болот. Бардык полиция бөлүмдөрүнө тийиштүү органдар менен бирге миграциялык мыйзамдарга ылайык жүргүнчүлөрдү ташыган жана мыйзамсыз ишкердик жүргүзгөндөрдү кошумча күчөтүлгөн тартипте текшерүү боюнча тапшырмалар берилди", - деди Прокопенко.
17-март күнү кечинде Якутск шаарынын 200дөй тургуну Борбор Азиядан келген мигранттарга каршы митингге чыгышкан. Буга жергиликтүү тургунду Борбор Азиядан келген 3 адам күч колдонуу менен унаага салып кетип зордуктаганы тууралуу маалымат түрткү болгон.
Якутск шаарынын тергөө кызматы зордуктоо фактысы болгонун тастыктап, шектүү катары кармалгандардын бири Кыргыз жеринен барган адам экенин жана күнөөсүн моюнуна алганын кабарлаган. Ал эми дагы 2 адам кылмыш ишине тиешеси бар же жогу аныкталып жатканы айтылган.
Учурда расмий маалыматтар боюнча Орусиянын аймагында 640 миңдей Кыргыз жараны бар болсо, анын 10 миңден ашыгы Саха Республикасынын аймагында иштеп жүрүшөт.



















1 |