Казакстандын аймагына кире албай чек арада кезекке турган унаалардын саны токсонго жетти
19-март күнү кечинде Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында 50гө жакын жүк ташыган унаалар Казакстанга өтө албай кезекте турган.
Мамлекеттик чек ара кызматы кезек күткөн унаалардын саны 20-март күнү саат 9да 90го жеткенин кабарлады. Маалым болгондой, Казакстан тарап бир сааттын ичинде 4-5 унааны текшерип жатат.
Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Салкын Абдыкариева буга Казакстан тарап өлкө аймагына кирип жаткан жүктөрдүн документтерин, техникаларды толугу менен текшерип жатканы себеп болуп жатканын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
2:45
2025-07-23

2:04
2025-07-23

1:34
2025-07-23

1:15
2025-07-23

0:33
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.