super.kg logo
  Саясат  

Социалдык өнүктүрүү министрлиги жарыялаган социалдык долбоорлор боюнча сынакта 29 уюм жеңүүчү болуп чыкты

 

Социалдык өнүктүрүү министрлигинде социалдык долбоорлорго жарыяланган сынак аяктаганын аталган министрликтен билдиришти. Негизги темалары мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо борборлорун колдоо, оор абалдагы үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам көрсөтүүчү борборлорун колдоо, балдарды асырап алуу боюнча Ош жана Бишкек шаарларында ресурстук борборлорду ачуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана кары-картаңдарга жардам көрсөтүүчү коомдук уюмдарды колдоого болгон сынакка бардыгы болуп 77 бейөкмөт уюмдар өз долбоорлорун жиберген. Учурда алардын ичинен 29 социалдык долбоорлор тандалып алынып, алар менен келишим түзүү иштери жүргүзүлүүдө. Айта кетсек, долбоорлорду ишке ашырууга 1-2 жыл берилет жана бөлүнчү гранттык каражаттын суммасы 120 миң сомдон 1 миллион сомго чейин болот. Сынактын катышуучулары коммерциялык эмес мекемелер жана  жарыяланган сынактык программанын алкагында 1 жылдан кем эмес иштегендер болушу керек болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: