super.kg logo
  Саясат  

Депутат вице-премьер Жеңиш Разаковго: "Сизди кошуна мамлекеттин агенти деп жазып жатышат"

 

"Сизди кошуна мамлекеттин агенти деп жазып жатышат" деп бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго кайрылды.

"Бүгүн премьер-министрди чакыра турган күн эмес, өкмөт башчы өзү келе турган күн. Жеңиш Барпиевич, интернеттеги маалыматтарды окуп жатасызбы? Сизди кошуна мамлекеттин агенти деп жазып жатышат. Баткен облусунда губернатор болгонсуз. Бул маалыматты тажик тарап жазууда. Мен да күмөн санап жатам. Сиздин Баткенге барып, комиссияны жетектегениңиз туура эмес. Аталган маалыматты окуган болсоңуз отставкага кетишиңиз керек", - деди Мадеминов.

Жеңиш Разаков: "Маселени жабык тартипте карасак, кандай маселе болгонун айтып берем" деп жооп кайтарды.

Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маселени кароо күн тартибине коюлган. Бирок депутаттар жыйынга келбегендиктен бул маселени кийинкиге жылдырууну сунуштап жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: