super.kg logo

"Мой О! — менин ийгилигим": iPhone XR смартфонунун алгачкы ээлери аныкталды

 

18-мартта "Мой О! — менин ийгилигим" лотереясынын алкагында беш iPhone XR смартфонунун биринчи ойнотуусу болуп өттү. Жеңүүчүлөрдү атайын автоматташтырылган тутумдун – кокустук сандарынын генераторунун жардамы менен коомдук ишмерлердин, белгилүү блогерлердин жана Мамфинкөзөмөлдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда аныкташты. Ойнотуунун жүрүшүнө түз эфир аркылуу Facebook жана Instagram социалдык тармактарынын колдонуучулары да байкоо салып турушту.

"Мой О! — менин ийгилигим" лотереясы 11-мартта старт алды. Биринчи жумада "О!Деньги" капчыгы аркылуу кызматтарга төлөм жүргүзүү, идентификациядан өтүү, катталуу жана картаны капчыкка кошуу аракеттери үчүн 180 миңден ашуун билеттер берилген.

"Мой О!" тиркемесинин бардык колдонуучуларында баалуу байгелерди утуп алуу шансы бар, анткени алдыда дагы 7 апталык ойнотуу турат. iPhone XR смартфону жана баш байге – Кыргызстандын рыногу үчүн максималдуу комплектациядагы Hyundai Santa Fe 2018 автоунаасы ойнотулат.

Лотереянын катышуучусу болуу абдан оңой - "Мой О!" тиркемесин орнотуп алуу, "О!Деньги" капчыгы аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү жана лотереялык билеттерди алуу жетиштүү.

Кийинки апталык беш iPhone XR смартфонун ойнотуу 25-мартта өтөт.

Расмий өнөктөш — Hyundai Центр Кыргызстан.

Лотереянын шарттары тууралуу толук маалымат udacha.o.kg сайтында.

Тиркеме тууралуу:

"Мой О!" — бул чыгымдарды контролдоого, тарифти тандоого, гигабайттардын жана мүнөттөрдүн калдыгын кароого, ошондой эле ыңгайлуу "О!Деньги" капчыгы аркылуу интернетке, коммуналдык кызматтарга, онлайн-оюндарга жана 300дөн ашуун сервистерге төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү функционалдык мобилдик тиркеме болуп саналат. Тиркемени орнотуу: http://o.kg/l/myo

*Мамфинкөзөмөлдүн уруксаты: №86 2019-жыл 22-февралы. "О!Деньги" сервиси "Грин Телеком Сервис" ЖЧК тарабынан кызматтардын жеткиликтүү тизмегинин алкагында көрсөтүлөт. КРУБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: