super.kg logo

Назарбаевдин кызы Казакстандын парламентинин жогорку палатасына төрайым болуп шайланды

 

Президенттик кызматтан кеткен Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарыга Назарбаева Казак парламентинин жогорку палатасына төрайым болуп шайланды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазды.

Жаңы төрайымды шайлоо парламенттин жогорку палатасынын төрагасы Касым-Жомарт Токаевдин расмий түрдө президенттик кызматка киришкени менен байланыштуу болду.

Дарыга Назарбаева учурда 55 жашта. Ал 2016-жылдын сентябрында өлкө парламентинин жогорку палатасына депутат болуп шайланып, Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетин жетектеп келген. Ага чейин да парламенттин төмөнкү палатасына депутат болуп келип, палатанын төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев 19-мартта казак элине атайын кайрылуу жасап, өзү президент катары ыйгарым укуктарын токтотконун жарыялаган.

Назарбаев президенттиктен кеткенден кийин үч маанилүү кызматын сактап калат. Коопсуздук кеңеши жөнүндө мыйзам ага өлкөнүн биринчи президенти жана улуттун лидери катары Коопсуздук кеңешин өмүрүнүн аягына чейин башкарганга укук берет. Мындан тышкары ал бийликтеги башкаруучу "Нур Отан" партиясынын лидери, Конституциялык кеңештин мүчөсү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
20.03.2019. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Назарбаев жон киши эмес бул киши баарын ойлонуштуруп коюп кетти. Токаев орусча айтканда "Переходная фигура".
20.03.2019. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушуну туура эмес кылды да,Нуке агдан коро жон кетиш керек эле
20.03.2019. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыскасы Сооронбай Жээнбековтой болуп бир туугандар ээлеп баштаган экен да.
20.03.2019. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
pat12,тооба башка жактарда Бир нерсе болсо эле эптеп Бир жеринен Кыргызстанга жармаштыра беребиз ушул
20.03.2019. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Торайым болуп туруп анан президент болот окшойт
20.03.2019. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жакта деле диктатура. Жон эле кантип берип койсун ордун, баары чечилген а так.
20.03.2019. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дарига апжемдин Астанадагы городогун корсон оозун ачылатко
20.03.2019. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спикер болдубу,демек президент да болот,нуке жон эле отставкага кеткен жок,баарын ойлонуштуруп койгон!нуке өзү эле башкарат Касым Жоомарт жөн эле куурчак,далай спектакль коюшат,
21.03.2019. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызын президенттикке даярдап жатыптыр да кайран Нуке.
21.03.2019. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаны анекдот.Нуке Касым-Жомартка машина белекке бериптир.Жаны машина бирок роль жок экен.К-Жомарт ролу жокпу десе анда Нуке кам санаба озум башкарып турам дейт имиш
21.03.2019. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Shakek,"сен газды баса бер,рульду өзүм башкарам" дептир Нуке
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: