super.kg logo
  Саясат  

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев: “Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеш көз карандысыз дегенге ишенбейм”

 

20-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "чимкирик парламент" деп айтканына жооп кайтарды.

Ал сөз сүйлөп жатып экс-президенттин мөөнөтүндөгү ишмердүүлүгүнө карата сын айтып: "Сиз шыбаган Жогорку Кеңеш көз карандысыз комиссия түзүп, бир объектиден миллиондогон доллар уурдалганын аныктап чыккан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө өкмөт отставкага кеткен. Мурдагы премьер-министрлер, экс-мэрлер, Бажы кызматынын жетекчилери камалганын билебиз. Жогорку Кеңеш мындан ары дагы көз карандысыз ишин улантат", - деди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Спикер Дастанбек Жумабеков бүгүнкү күндө парламент көз карандысыз деди. Ишенесизби?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев парламенттин көз каранды экенин далилдеген мисалдар көп деген пикирин айтты.

“Жогорку Кеңеш көз карандысыз дегенге ишенбейм. Мисал катары, КСДП фракциясын эле алсак, бир күнү премьер-министрди жакшы деп мактап, эртеси аны кызматтан алып коёт. Же болбосо парламент өздөрүнүн укуктарын бузуп, КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн адегенде шайлап, андан кийин кайра жокко чыгарып башкасын шайлайт. Ушул сыяктуу мисалдар өтө эле көп. Ушунун баары чогулуп келип Жогорку Кеңештин көз каранды экенин далилдеп турат. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы “чөнтөк парламент” болуп калды”, - дейт Чолпонбаев.

Экс-депутат Аида Салянова, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов, жарандык активист Адил Турдукулов, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбековдун пикирлери бул топтомдо.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: