super.kg logo

"Коопсуз шаар" долбоору Ош шаарында да ишке киргизилери айтылды

 

Жакын арада "Коопсуз шаар" долбоору Ош шаарында ишке киргизилет. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын базасындагы "Бирдиктүү терезе" борборун кыдыруу учурунда билдирди. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

"Бишкек шаарынын жолдорунда жол кыймылынын эрежелерин бузууну аныктоочу аппараттык-программалык комплекстердин орнотулушу жол кырсыктарынын санынын кыскарышын шарттады. Жарандар долбоордун ишке киргизилишин жана биздин баштоолорубузду колдоп жатышат, себеби бул долбоор жолдордо коопсуздукту камсыз кылууга багытталган. Жакын арада долбоор Ош шаарында жана өлкөнүн башка шаарларында ишке киргизилет. Биз мында жолдордогу абалды кыйла өзгөртүп жана аларды бир топ коопсуз кылууга жетишебиз деп ишенем", – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, мамлекеттик органдар, биринчи кезекте Ички иштер министрлиги жана Ош шаардык мэриясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары дыкат иштерди жүргүзүп жана долбоорду ишке киргизүүгө тийиштүү деңгээлде даярдыктарды көрүүгө тийиш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.03.2019. 06:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз бул кетиште онукбойбуз! Окмот биринчи шарт тузуу керек, жолду ондош керек, знактарды, парковка месталарды коюш керек анан гана ишке киргизиш керек болчу. Азыр только карапайыл калктын акчасын алмай...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: