super.kg logo

Ошто май куюучу жайдагы жарылуудан эки адам жабыркаганы маалым болду. Биринин абалы оор

 

Ош шаарындагы май куюучу жайдагы жарылуудан эки адам жаракат алган. Биринин абалы оор. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, шаар мэри коопсуздук эрежелери сакталбаган жана мыйзамсыз курулган май куюучу жайлар текшерүүгө алынарын билдирди.

"Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жарылуу болгон май куюучу жайга (АЗС) барып, тиешелүү кызматтардан маалымат алды. Калаа башчысы атайын комиссия шаардагы май куюучу жайларды текшерип, буга чейин мыйзамсыз курулган жана коопсуздук эрежелери сакталбаган май куюучу жайлар текшерүүгө алынарын билдирди. Андан кийин кырсыктан жабыркаган эки жарандан кабар алды", - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Жаракат алгандардын биринин абалы оор. Экинчи жаран да Ош шаардык ооруканасына жаткырылды, абалы орто.

20-мартта Ош шаарынын Курманжан датка (Юго-Восток) кичи районундагы май куюучу жайда жарылуу болуп, өрт саат 22:10до чектөөгө алынган. Кырсык болгон жайга "Тез жардам" кызматы жана ӨКМнын өрт өчүрүүчүлөрү өз убагында жетип барган. Кырсык боюнча милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
21.03.2019. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин уйдун да так жанында бар коп кабаттуу уйлор бар
21.03.2019. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Крассавчик туну болсо да кабар алып
21.03.2019. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Качан жарылып же бир кырсык болсо анан текшерет болбосо жок акчаны алып уруксат берип кое беришет. Коопсуздук сакталдыбы жокпу баари бир
21.03.2019. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
шаардан сырткары курулуш керек заправкалар
21.03.2019. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эл жашаган жерден алыс болушу керек заправка
21.03.2019. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бардык заправкаларды текшерип чыгыш зарыл, кимдер иштеп жатат, коопсуздук эрежелери сакталабы, антпесе бир топ адамдар жабыркашы мумкун эле, анын устуно эл жашаган турак жайларга абдан эле жакын курулган мындай жайлар толтура
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: