Бишкектеги феминисттер демилгесинин өкүлү Гүлайым Айылчы депутат Жылдыз Мусабекованын үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазды
"Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын өкүлү Гүлайым Айылчы депутат Жылдыз Мусабекованын үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазды. Белгилүү болгондой, ал депутаттын билдирүүсүнө юридикалык баа берүү боюнча башкы көзөмөл органына кайрылган. Бул тууралуу Гүлайым Айылчы 20-мартта социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Депутат Жылдыз Мусабекова 8-мартта феминисттер өткөргөн тынч митинг тууралуу фейсбуктагы баракчасына бир канча билдирүү калтырып, иш-чаранын катышуучуларын кескин сынга алган.
8-мартта Бишкек шаарында аялдардын укуктарынын сакталышына коомчулуктун көңүлүн буруу максатында акция өткөн. Катышуучулардын арасында ЛГБТ желегин көтөргөндөр болгон. Анда "Келин болуу - бул кулчулук", "Чай куйганга милдеттүү эмесмин" деген ураан, чакырыктар айтылып, коомчулукта талкуу жараткан.






Бул жерде экоо тен ХХХХ болуп жатпайбы?!
Анда кандай болуп калат? ))))
Америкага кетуунун эн оной жолу аттуу-баштуу адамга тийише бересин тийише бересин,пока тиги депутат же чиновник нервденип сени кырам жоём дегенге чейин,анан уликаларды чогултуп беженец болуп кете бересин спокойно,качкындарга зелёный свет..