Парламентте айрым өткөрмө пункттарды модернизациялоо мөөнөтүн узартууга байланыштуу ратификациялык мыйзам долбоору жактырылды
Кечээ, 20-мартта Жогорку Кеӊештин жыйынында айрым өткөрмө пункттарды модернизациялоо мөөнөтүн узартууга байланыштуу ратификациялык мыйзам долбоору мыйзам долбоору 3-окууда каралды.
Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге кошулуу процессинин алкагында өлкөгө техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө Кыргыз-Орус ортосундагы 2015-жылдын 31-мартындагы макулдашуунун алкагында жүзөгө ашырылып жатат.
2017-жылдын 12-августуна карата Кыргыз мамлекетиндеги 7 өткөрмө пункт текшерүү-карап чыгуу комплекстери менен жабдылышы керек эле. Азыркы учурда 7 өткөрмө пунктту жабдуу объективдүү себептер менен өз мөөнөтүндө бүткөрүлө элек, ушундан улам орусиялык тарап бул долбоорду бүткөрүү мөөнөтүн 2018-жылдын акырына чейин узартууну сунуш кылып жатат.
Мындан улам 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө келишимди Кыргыз мамлекетинде колдонуу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу 2015-жылдын 8-майында кол коюлган протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө өлкөсүндө өткөрмө пункттарды модернизациялоонун мөөнөтүн 24 айдын ордуна 48 ай деп өзгөртүү киргизүү сунушталып жатат.





