super.kg logo

Италияда 51 окуучуну алып бараткан айдоочу автобусту өрттөп, 12 бала ооруканага түштү

 

Италияда мектептин 51 окуучусун алып бараткан айдоочу автобусту өрттөп, 12 бала ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 20-мартта Милан шаарынын четинде орун алган. Анда мектеп окуучуларын ташыган 47 жаштагы Усэйну Су аттуу айдоочу жолдон автобусту башка жолго салып, Линат аэропортун көздөй айдаган. Мектеп окуучуларынын бири апасына чалып бул тууралуу билдирүүгө жетишкен. Жолдон айдоочуну полиция кызматкерлери токтоткон учурда ал качууга аракет кылып автобус жолдун ортосундагы тосмону сүзүп токтогон.

"Автобустун ичине бензин төгүлүп, кылмышка шектүү өрт коюуга жетишкен. Тиешелүү органдардын кызматкерлери балдарды өз убагында сыртка чыгарууга жетишкен. 14 адам, анын ичинен 12 бала түтүнгө ууланып ооруканага жеткирилген. Балдар менен психологдор иш алып барууда.

Айдоочу кармалып, ал мындан 15 жыл мурун Италиянын жарандыгын алганы маалымдалды. Күбөлөр айдоочу автобусту өрттөп жатканда "Жер ортолук деңизде өлүмдөр токтошу керек!" деп кыйкырган деп билдиришкен", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
21.03.2019. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ишенбейм, атайын кылган жок бул киши. Оздоу жыйынтык чыгарып, фантазияларын катуу иштетип жатат кабар жазгандар!
21.03.2019. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aminali,новостиден кайра- кайра коргозуп атат.Атайын кылган деп атышат ко.
21.03.2019. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
тан калычтуу
21.03.2019. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атайын уюштурулган провокацияга окшошуп жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: