Ош шаарында май куюучу жайдан чыккан өрттөн жаракат алган 3 адамдын бири жандандыруу бөлүмүндө жатат





Кечээ, 20-мартта Ош шаарынын Курманжан датка кичи районундагы май куюучу жайдан өрт чыккан. Кырсык саат 20:16да болгонун ӨКМдан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, өрт чыккан "Юго-Восток" май куюучу жайы көп кабаттуу үйдүн жанында жайгашкан.
"Өрттүн кесепетинен 3 адам күйүк жаракат алышкан, 1960-жылы туулган Ш.М. аттуу эркек адамдын абалы оор, Ош шаарындагы облустар аралык клиникалык ооруканасында жатат. 1983-жылы туулган А.у.А. аттуу эркек адам Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. 1990-жылы туулган К.у.К. аттуу эркек адам жаракат алып, Ош шаарындагы облустар аралык ооруканасына жаткырылган.
Жалпы 7 өрт өчүрүүчү бөлүм, өрт өчүрүү штаб, Ош шаардык ӨКМнын башкармалыгынан ыкчам топ, куткаруучулар барышкан. Өрт саат 22:10до чектөөгө алынып өчүрүлгөн. Келтирилген чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп жазылат маалыматта.








1 |