Көк бөрү боюнча Өлкө биринчилиги: Биринчи Лиганын алтын байгесин "Алкан Ата" командасы жеңип алды



















Бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамына карата өткөрүлүп жаткан көк бөрү боюнча мелдештин Биринчи Лигасынын финалдык беттеши орун алды.
Биринчи Лиганын алтын жана күмүш медалдары үчүн Талас облусунун "Алкан Ата" жана Чүй облусунун "Келечек" командалары кез келди.
Үч бөлүктөн турган оюнда Таластын командасы мыкты аталып, жалпы 4:1 эсебинде жеңишке жетишип, Биринчи Лиганын чемпиону аталды. Ал эми "Келечек" командасы 2-орунду алып, күмүш медалга ээ болушту.
Алдыда Жогорку Лиганын 1 жана 2-орундары үчүн Таластын "Ынтымак" жана Ош облусунун "Достук" командалары беттешет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.